Кара-Балтада жаңыланып жасалган спорт комплекси ачылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кара-Балтада жаңыланып жасалган спорт комплекси ачылып, ага Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев катышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарада Ташиев Кара-Балта кайрадан чоң турнир, концерттерди өткөрө турчу шаар болорун белгилеген. Ачылыш аземде "Кыргыз алтын" жана "Талант" футбол клубдарынын беттеши болуп, концерттик программа менен коштолгон.

"Спорт комплексин реконструкциялоого 216 млн сом сарпталды. Анда 3 кабаттуу мейманкана, жеңил атлетика үчүн кышкы манеж, жабык бассейн, бокс жана күрөш залдары, футбол талаасы жана эки кичи футбол аянтчасы бар", — деп жазылат маалыматта.

Комплекс футбол боюнча Кара-Балта шаарынын "Кыргыз алтын" клубунун окуу-машыгуу базасы болуп саналат.
Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектеби буздурулуп, жаңысы курулат