БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Европа биримдиги Дональд Трамп президенттик шайлоодо жеңип чыкса АКШнын Украинаны колдоодогу саясаты өзгөрөрүнө даярданып жатат. Бул тууралуу Washington Post басылмасы жазды.
"Алдын ала даярдык үчүн европалык аткаминерлер Киевге шайлоого чейин жардам берүүгө аракет кылышты. Мындан тышкары, жеке коопсуздугуна жоопкерчиликти күчөтүп жатат, анткени ЕБ коргонуу жаатында Американын колдоосу жок калса катуу аксашы мүмкүн", — деп жазган гезит.
Ошондой эле европалык чиновниктер эгер Трамп Европа биримдигинен келген продукцияларга бажы алымдарын киргизе турган болсо, жооп катары көрүлө турчу чаралар жазылган документтин долбоорун даярдашканы айтылат.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.