Бишкекте курулуп жаткан жаңы "Ош" базары менен автобекеттин видеосу

Автобекет келерки жылдын май-июнь айларында ишке берилери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Бишкекте салынып жаткан жаңы "Ош" базары менен жаңы Батыш автобекетинин курулуш иштерин көрсөттү.
Ал базар заманбап талаптарга ылайык соода кылгандарга ыңгайлуу шарттары менен курулуп жатканын жазган.
"Дренаждык системасы дагы заманбап талаптарга жараша салынууда. Автобекет да эң акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен камсыздалат. Буюрса, автобекет келерки жылдын май-июнь айларында ишке берилип, шаардын так ортосу болот", — деген Алагөзов.
Жаңы базар менен автобекет Пригородное айылы тарапта жайгашмакчы. Ал жакка турак үйлөр да түшөт. Аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзүп, сунушталган участок соода, өнөр жай жана турак жай болуп, үч чоң зонага бөлүнөт.
Эске салсак, шаардагы эки автобекет убактылуу шаардын сыртына көчүрүлдү.
"Бишкек автобекетинен" кайсы каттам каякка кетет? Тизме