Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Тажик милициясы 1500дөй көзү ачыкты кармады. Маалыматта кезек дин фанаттарында экени айтылат.Евробиримдик Трамп жеңсе АКШнын Украина боюнча саясаты өзгөрөрүнө даярдануудаМиң-Кушта облус башчысы уран калдыктары сакталган "Туюк-Суудан" кабар алдыАлдыда кененирээкМиң-Куштагы уран калдыктары сакталган "Туюк-Суу" жайын зыянсыздандыруу иштери аяктап калганын президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Эске салсак, рекультивациялоо иштерин "Росатом" корпорациясы жүргүзүүдө. Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов Жумгалга болгон иш сапарында компания өкүлдөрү менен жолугуп, уран калдыктарын коопсуз жайга көчүрүү иштеринен кабар алган. Корпорация өкүлдөрү "Туюк-Сууну" толугу менен жоюу иштери аяктап калганын айтышкан. "Туюк-Суу" эң татаал долбоорлордун бири болуп эсептелет. Көчкү коркунучунан улам уулуу калдыктардын айлана-чөйрөгө тарап кетүү ыктымалдуулугу бар эле. Эске салсак, өлкөдөгү уулуу калдыктар сакталган жайларды зыянсыздандыруу иштерин "Росатом" компаниясы жүргүзүп келет.
Кара-Балтада жаңыланып жасалган спорт комплекси ачылып, ага Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев катышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.Иш-чарада Ташиев Кара-Балта кайрадан чоң турнир, концерттерди өткөрө турчу шаар болорун белгилеген. Ачылыш аземде "Кыргыз алтын" жана "Талант" футбол клубдарынын беттеши болуп, концерттик программа менен коштолгон. "Спорт комплексин реконструкциялоого 216 млн сом сарпталды. Анда 3 кабаттуу мейманкана, жеңил атлетика үчүн кышкы манеж, жабык бассейн, бокс жана күрөш залдары, футбол талаасы жана эки кичи футбол аянтчасы бар", — деп жазылат маалыматта. Комплекс футбол боюнча Кара-Балта шаарынын "Кыргыз алтын" клубунун окуу-машыгуу базасы болуп саналат.
Тажикстандын күч органдары ири рейд жүргүзүп, көзү ачыктык жана сыйкыр менен алектенген 1500дөй жаранды кармады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар президент Эмомали Рахмондун айткан маалыматына таянып жазды. Эмомали Рахмон мындай масштабдуу рейд жасоого күч органдарына өзү тапшырма бергенин билдирген. Ошондой эле тажик президенти күч органдары «динге берилгендик» (фанатизм) беренеси боюнча беш миңден ашык «чала молдону» тизмеге алганын да кошумчалаган. Буга чейин Тажикстандын ички иштер министрлиги көзү ачык, бакшыларга кайрылган жарандарга карата да чаралар көрүлө турганын эскерткен. Айрыкча алардын кызматынан пайдалангандардын атайын базасы түзүлөрүн да айткан.
Европа биримдиги Дональд Трамп президенттик шайлоодо жеңип чыкса АКШнын Украинаны колдоодогу саясаты өзгөрөрүнө даярданып жатат. Бул тууралуу Washington Post басылмасы жазды. "Алдын ала даярдык үчүн европалык аткаминерлер Киевге шайлоого чейин жардам берүүгө аракет кылышты. Мындан тышкары, жеке коопсуздугуна жоопкерчиликти күчөтүп жатат, анткени ЕБ коргонуу жаатында Американын колдоосу жок калса катуу аксашы мүмкүн", — деп жазган гезит. Ошондой эле европалык чиновниктер эгер Трамп Европа биримдигинен келген продукцияларга бажы алымдарын киргизе турган болсо, жооп катары көрүлө турчу чаралар жазылган документтин долбоорун даярдашканы айтылат. АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.