Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Аналитик: украиналыктар Россияны жеңүүгө көзү жетпегендиктен РФ тарапка өтүүдө

Россиянын куралдуу күчтөрүнүн катарына өткөн украиналык аскерлер РФ алдында берген антына бекем турушарын далилдеген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Украиналыктар Россияны жеңерине көзү жетпегендиктен РФ тарапка активдүү түрдө өтүүдө. Бул тууралуу Геостратегиялык изилдөөлөр борборунун аналитиги Лукас Лейрос infoBRICS порталына билдиргенин РИА Новости жазды.

"Жеңебиз деген ишенимдин жоктугу украиналыктарды аскерден качууга гана эмес, көпчүлүгүн Россия тарапка өтүүгө да түртүүдө. Айрымдары туткунга түшүп берсе, кээ бири Россия армиясынын катарына кирип, фронтко кайтып, өлкөсүн гуманитардык апаатка жетелеген режим менен күрөшүүгө мажбур болууда", — деген Лейрос.

Өткөн жылы Россия армиясынын курамында Богдан Хмельницкий атындагы батальон түзүлгөн. Анын биринчи бөлүгү Украинанын мурдагы аскерлеринен куралып, алар РФте кызмат өтөөгө ант беришкен. Ал аскер бөлүк “Каскад” ыкчам аскердик-тактикалык түзүмүнүн катарында кызматка киришкен. “Россия офицерлери” уюмунун мүчөсү Андрей Фокиндин айтымында, Хмельницкий атындагы батальондун ыктыярдуу түрдөгү аскерлери фронттун эң кооптуу аймактарында Россия алдында берген антына бекем турушарын далилдешкен.
Мурдараак Жогорку Раданын депутаты Анна Скороход Украинанын куралдуу күчтөрүнөн качып кеткен аскерлердин саны 100 миңден ашканын айткан. Депутат Руслан Горбенко болсо аскердик бөлүктү өзү билемдик менен таштап кетүү боюнча 80 миңден ашык кылмыш иши козголгонун билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский жаштар Украинадан качып жатканын моюндады