"Кыргызстан сулуусу — 2024" сынагын жеңген Айпери эми эл аралык сынакка катышат

 Кыргызстан сулуусу — 2024 сынагынын жеңүүчүлөрүнүн бири Айпери Нурбекова
Сынак Токио шаарында 12-ноябрда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. "Кыргызстан сулуусу — 2024" сынагынын жеңүүчүлөрүнүн бири Айпери Нурбекова эми эл аралык сынакка катышат. Бул тууралуу ал баракчасына жазды.
Сынак Япониянын Токио шаарында 12-ноябрда өтөт. Азыркы тапта Нурбекова Японияда. Буга чейин ал эл аралык сынак үчүн даярдалган, өзүн тааныштырган видеону жарыялаган.
Эске салсак, июль айында "Кыргызстан сулуусу — 2024" сынагы өтүп, анда дароо үч бийкеч жеңишке жеткен.
24 жаштагы Айпери Нурбекова “Жер сулуусу” наамын жеңип алган. Ал эми 16 жаштагы Ариет Санжарова "Дүйнө сулуусу", 18 жаштагы Мери Кувакова “Аалам сулуусу” аталышкан.
Чехиялык Кристина Пышкова Дүйнө сулуусу аталды
Чехиялык Кристина Пышкова "Дүйнө сулуусу" аталды. Сүрөт