БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстан россиялык газдын импортун кыйла көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган.
Ага ылайык, январь-август айларында өлкөгө 318 миллион куб метр газ импорттолгон. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 260 миллионду түзгөн.
Өлкөлөр боюнча бөлүп карасак:
Россия — 315,1 миллион куб метр (80,5 миллион куб метрге көбөйгөн);
Өзбекстан — 3,2 миллион куб метр (23,8 миллион куб метрге азайган).