Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити

Дүйшөмбүдөн баштап үч күн бою Бишкек жана Чүйдүн жолдоруна чектөө киргизилет

Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. 4-5-6-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, жолдор Түркиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келгендигине жана Түрк мамлекеттери уюмунун саммитине байланыштуу жабылат.
Көчөлөрдүн тизмеси:
"Манас" эл аралык аэропортунан Бишкек шаарынын чегине чейин;
Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектине чейин;
Чүй проспекти Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектине чейин;
Манас жана Ч.Айтматов проспектилери түштүктү карай "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү.
Милиция жогоруда аталган жолдордун жээгине автоунааларды калтырбоого чакырды.
Кыргызстанга 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик сапар менен, ал эми Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапар менен келет. Алар 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитине катышат.
ЖКККББ жетекчиси: скутер жана самокат үчүн эрежелер декабрга чейин кабыл алынат