Радио

Баланы интернеттеги терс маалыматтан коргоодо ата-эненин ролу

"Байланыш операторлорунун ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу директору Салават Ормошев ата-энелер балдарды интернеттеги терс маалыматтардан коргоодо активдүү болушу керектигин айтты.
Sputnik
Өлкөдө балдарды интернеттеги терс маалыматтардан коргоо аракети өткөн жылы башталган. Бул багытта Санариптештирүү министрлиги менен биргеликте механизм иштелип чыгып, мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү сунушталган. Бул тууралуу Салават Ормошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзам долбоорунда балдарды интернетке кошуу учурунда ата-эненин орду маанилүү экени жазылган.

"Ата-эне баласынын телефонуна "ата-эне көзөмөлү" программасын орнотушу абзел. Ал аркылуу баласынын интернеттеги көрүп жаткан видеолоруна чектөө киргизе алат. Мисалы, "Ютубдагы" зыяндуу видеону ичиндеги контенттен бөлүп койсо болот. Ошондой эле бала кандайдыр бир керексиз тиркемени көчүрүп жатканда ата-энеден уруксат сураган "тиркеменин чектөөсү 12 жаш, сиздин балаңыз көчүрүп алганга болот экен, макулдук бересизби?" деген сыяктуу уруксат сураган билдирме келет. Ошондо ата-эне макул же макул эместигин тандайт. Мындан тышкары, ата-энеде баласы соцтармактарда канча убакыт короткону тууралуу статистика болот. Анын негизинде телефонду колдонуу убактысына чектөө коюп койсо, ата-энеге чалуудан башка функциялар иштебей калат. Көзөмөл болот. Бирок муну ата-эне түшүнбөй жатабы, айтор, балдарынын интернетте эмне көрүп жатканына көңүл бурушпайт. Балдарды интернеттеги терс маалыматтардан коргоо үчүн жоопкерчиликтүү, активдүү болушу керек", — деди Ормошев.

Ал балдардын аппараттарына электрондук почта ачып жатканда баланын туулган жылын, күнүн так жазуу керектигин, ошондо анын жашына ылайыктуу видеолорду көрүүгө болорун жана терс маалыматтарга автоматтык түрдө чектөө коюларын кошумчалады.