3-ноябрга карата аба ырайы

3-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Жекшембиде күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас аймагында +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл жана Нарын дубандарында +11...+16 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкекте жана Ош шаарында күндүн табы +18...+20 градуска көтөрүлөт.
Эмгек кодексине аномалдуу ысыкта иш күнүн кыскартууну киргизүү сунушталды