2025-жылы маданият тармагына кошумча үч миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин ачылышында маданият министри Алтынбек Максүтов билдирди. Ал соңку жылда Орто Азияда жок музыкалык техникалар, LED экрандар 1 миллирад сомдон ашуун каражатка сатып алынганын айтты. Ошондой эле 500 миллион сомго артисттерге костюм, форма, музыкалык аспаптар алынса, тарыхый мурастарды сактоо, изилдөө жана калыбына келтирүүгө 600 миллион сом каралганын белгиледи. "2016-жылы биринчи жолу министр болуп келгенимде 30 миллион сом бөлүнсө абдан кубанганбыз. Азыр ал күндөрдү жылмайып эстеп жатабыз. 2025-жылы кошумча маданиятты өнүктүрүүгө 3 миллиард сом бөлүнгөнү турат", — деди Максүтов. Бүгүн Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирк капиталдык реконструкциядан кийин ачылууда. Аземге мамлекет жетекчилери — президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышууда.
Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Азербайжандын Милли Межлисинин спикери Сагиба Гафарова менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Сүйлөшүү экономикалык жана маданий алакаларды өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди, ошондой эле эки элдин достук мамилесин тереңдетүү маселелерин да камтыган. Элчи Мамытканов жогорку деңгээлдеги диалогду жандандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эми Спикер Гафарова кызматташтыкты чыңдоого жана өз ара аракеттенүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди. Эки тарап мындай жолугушуулардын достук мамилелерди мындан нары өнүктүрүү маанилүү экенин белгилеп, чоң натыйжаларга жетишүү үчүн кызматташтыкты колдоого даяр экендиктерин билдиришти.
Кыргызстан Россиядан газдын импортун кыйла көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Ага ылайык, январь-август айларында өлкөгө 318 миллион куб метр газ импорттолгон. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 260 миллионду түзгөн. Өлкөлөр боюнча бөлүп караганда көрсөткүч мындай: Россиядан — 315,1 миллион куб метр алынган. былтыркыдан 80,5 миллион куб метрге көбөйгөн; Өзбекстандан — 3,2 миллион куб метр алынган. Былтыркыдан 23,8 миллион куб метрге азайган.
Батыш Украина жаңжалы улана бериши үчүн Киевди кошумча акча менен камсыздап жатат. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев айтканын РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, Дмитрий Медведев RT телеканалына маек куруп жатып, Батыштын Украинага берип жаткан кошумча каражаттары тууралуу пикирин билдирген. «Батыш бул нерсени жасап жатат, аларды кошумча каражат менен камсыздоодо. Муну алар жаңжалды улантуу үчүн гана жасашууда», - деген Медведев өз сөзүндө.