Пресс-борбор

Кыргызстандарттын сертификаттары ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө таанылган

Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстандарттын сертификаттары ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө таанылган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Болотбек Нурматов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн "Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн продукциянын сапатын кантип жакшыртат" аттуу брифингге катышты.
Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Болотбек Нурматов
"Кыргызстандарт берген сертификаттар, Кыргызстандарт каттоого алган декларациялар же биз чыгарган протоколдор Бажы биримдигинин (азыркы ЕАЭБ) алкагында толугу менен таанылат. Бул Бажы биримдигинин талаптары толук аткарылды дегенди билдирет... Биз Кыргызстандарттын базасында берген сертификаттар да Бажы биримдигинин бардык өлкөлөрүндө таанылат", — деди Нурматов.
Борбордун директору сапаттуу инфраструктура системасы ЕАЭБ талаптарына толук жооп берерин кошумчалады. Бул экономикага оң таасирин тийгизет. Адис продукциялар сертификация процедурасынан өткөндөн кийин эркин жүрө аларын кошумчалады.
Радио
ЕАЭБде электрондук коммерцияга басым жасалып, сооданын көлөмү кескин өсүүдө