БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Садыр Жапаров Казакстан Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушуда өлкө башчы өз ара сооданын ырааттуу өсүшүн жана соода-экономикалык байланыштардын кеңейишин белгиледи. Ал ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге салам жолдоп, Кыргызстан мындан ары да достук, бир туугандык, союздаштык жана өз ара сый-урматтын негизинде кыргыз-казак мамилесин өнүктүрүүгө даяр экендигин айтты.
Ал эми Ерлан Кошанов Кыргызстандын жарандарынын байгерчилигин жогорулатууга багытталган президент Садыр Жапаровдун реформаларын Казакстан толугу менен колдой турганын айтты.
Ерлан Кошанов расмий сапар менен Кыргызстанга 31-октябрда келген. Анын алкагында ал парламенттер аралык кызматташтык боюнча кеңештин отурумуна катышты.