БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, аянттан парад өттү. Анда милициянын техникалары дагы көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Бир аз убактан кийин эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Революциялык комитети түзүлгөн. Аталган комитеттин тутумундагы административдик бөлүмдүн башчысы Ыбрай Тойчинов өзүнүн отчётунда 1924-жылдын 1-ноябрында облустук милиция башкармалыгы иштей баштагандыгын, анын алгачкы начальниги болуп Аркадий Арумов дайындалгандыгын белгилеген. Ошол күндөн тарта 1-ноябрь – Кыргыз милициясынын уюшулган күнү катары эсептелет.