БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күн сайын өмүрүн тобокелге салып келишет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктап жатып билдирди.
Анын айтымында, тартип сакчылар 1924-жылы кыргыз милициясы түзүлгөндөн тарта коомдук тартипти камсыздап келе жатышат. Президент соңку кылымда элдин башынан өткөн бардык окуяларда милиция кызматкерлери өз вазийпасын аткарганын белгиледи.
"Соңку 30 жылда эле өлкө башынан өткөргөн революциялардын маалындагы тартипти сактоодо кыргыз милициясы кандай чоң роль ойногонун өзүңүздөр билесиздер. Эгерде бул окуялардын жүрүшүндө тартипти сактоодо алдыңкы сапта милиция кызматы турбаганда кырдаал дагы кандай өңүттө өнүгүп кетет эле, ким билет", — деди өлкө башчы.
Ошондой эле мамлекет башчы акыркы төрт жылда милиция кызматкерлерине мыкты шарттар түзүлүп, материалдык-техникалык базасы чыңдалгандыктан кылмыштын катталуусу дээрлик 50 пайызга төмөндөп, коомдук жайларда одоно тартип жана мыйзам бузуулар жөнгө салынып келе жатканын айтты.
"Жалпы республика боюнча милиция кызматындагылардын маянасы эки эсе жогоруласа, Баткен жергесинде кызмат өтөгөн милиционерлердин айлык акысы төрт эсеге жогорулады. Ошондой эле атайын күжүрмөн санарип технологиялар ишке киргизилип, коопсуздукту камсыздоо жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Жаңы программаларды, киберкоопсуздукка байланышкан техниканы колдонуп адамды жүзүнөн таанып, ошол жерден аныктай турган заманбап технологиялар менен иштөөгө толугу менен өттү", — деди Жапаров.
Соңунда президент ар бир милиция кызматкеринин жүрөгүндө Манас атанын кайрат-күчү, деми, айкөлдүгү, ар-намысы жаңырып турушун тиледи.