Чоң Чүй каналынан 12 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан адам изделүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Чоң Чүй каналынан 59 жаштагы адам изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 20-октябрда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, издөө иштери кызынын арызынын негизинде 31-октябрда башталган.
"Дайынсыз болгон жарандын уюлдук телефону Чоң Чүй каналы жактан өчүп калганы аныкталганын жакындары билдирген. Ага ылайык, издөө иштери сууда кайык менен жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Жеринде 7 куткаруучу иштеп жатат.
Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө 9 дрон тартылды