УКМК ири өлчөмдө баңгизат ташыган эл аралык топтун мүчөсүн кармады. Видео

Метамфетаминди Казакстан аркылуу Гонконг шаарына жөнөтүп турган чет элдик жаран колго түшүрүлүп, жанынан 300 миллион сомдук баңгизат алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Ири өлчөмдөгү баңгизат ташыган эл аралык топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Алар Пакистан — Афганстан — Өзбекстан — Кыргызстан маршруту аркылуу метамфетамин ташып жүргөн.
1 / 2

Ири өлчөмдөгү баңгизат ташыган эл аралык топтун ишине бөгөт коюлду

2 / 2

Алар Пакистан — Афганстан — Өзбекстан — Кыргызстан маршруту аркылуу метамфетамин ташып жүргөн

"Бишкекте 7-октябрда чет мамлекеттин С.У. аттуу жараны кармалды. Андан жалпы салмагы 67,615 килограмм, баасы 300 миллион сомдук баңгизат алынган. Ал метамфетаминди Казакстан аркылуу Гонконг шаарына жөнөтүп турган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмышка тиешеси барлар аныкталууда.
Баңгизат саткандар кармалып, үйүнөн 2,5 млн. сомдук "товар" табылган