Чүй облусундагы Шамшы суусуна чакан ГЭС курулат. РКӨФ ага каражат бөлөт

Чүйдө чакан ГЭС курулуп 2026-жылы ишке берүү мерчемделип жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Чүй облусундагы Шамшы суусуна чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоордун наркы 2 миллион доллар болсо, анын жарымын фонд бөлүп берет.
Шамшы ГЭСи жылына 10 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрүп, Чүй районунун 10 пайыз муктаждыгын жаба алат. Станцияны ишке берүү 2026-жылга пландалган.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков соңку 3,5 жылда фонд гидроэнергетика тармагындагы 16 долбоорду каржылаганын белгиледи.
"Аталган ГЭСтин курулушу энергетика тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Бул долбоор аймакка да, жалпы Кыргызстанга да пайдалуу болоруна ишенем", — деди Новиков.
Өлкөдө инфузиялык эритме менен ампуладагы инъекция чыгарган завод ачылды