Эртең кечинде "Ала-Тоо" аянты автоунаалар үчүн жабык болот

Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Эртең кечинде "Ала-Тоо" аянты автоунаалар үчүн жабык болот. Бул тууралуу Патрулдук милициянын башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата башкы аянтта концерт уюштурулат.
Мындан улам саат 17:00дөн концерт бүткөнгө чейин Чүй проспектинин Эркиндик бульварынан Панфиловго чейинки бөлүгү автоунаалар үчүн жабык болот.
Маданият министрлиги кесиптик мааракеге карата "Ала-Тоо" аянтында концерт болорун, программа боюнча эстрада жылдыздары көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулай турганын билдирди.
Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган параддын баштан-аяк видеосу