Радио

ЕАЭБде электрондук коммерцияга басым жасалып, сооданын көлөмү кескин өсүүдө

Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Евразия экономикалык биримдиги үчүнчү өлкөлөр менен сооданы илгерилетүүдө жаңы механизмдерди киргизип жатканын айтты.
Sputnik
ЕАЭБ өлкөлөрүндө электрондук коммерцияга басым жасалып, натыйжада онлайн-сооданын көлөмү жогорулады. Бул тууралуу Назарбек Малаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБдеги ар тараптуу кооперация жана технологиялык кызматташуу, санариптештирүү, транспорттук инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүү маселелери негизги ролду ээлейт.
"Быйыл Армения Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык кылууда. Жакында эле ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны жана Евразия экономикалык форуму өтүп, санариптик чечимдерди, технологияларды киргизүүнүн жолдору каралды. ЕАЭБдеги ар тараптуу кооперация жана технологиялык кызматташуу, санариптештирүү, транспорттук инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүү, ички рыноктун сапаты жана ишкердикти колдоо, эл аралык кызматташуу маселелери талкууланды. Анда уюмга мүчө мамлекеттер арасындагы соодага басым жасалды. Өзгөчө электрондук коммерцияга артыкчылык берилип, онлайн-сооданын көлөмүн жогорулатуу демилгелери болду. Мындан тышкары, үчүнчү өлкөлөр менен сооданы илгерилетүүдө жаңы механизмдер каралууда", — деди Малаев.
Ошондой эле ал ЕАЭБдеги макроэкономикалык көрсөткүчтөр жакшы темпте өсүп жатканын кошумчалады.