Трамптын Россия менен Кытайды алыстатуу убадасына "Валдайдын" директору жооп кылды

Эксперт Трамптын Россия менен Кытайдын ортосунда ажырым жаратуу убадасы эмнеге ишке ашпай турганын түшүндүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамптын Россия менен Кытайдын ортосунда ажырым жаратуу убадасы ишке ашпасын "Валдай" клубунун программалык директору Иван Тимофеев билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Москва менен Пекиндин ортосундагы кызматташтыктын деңгээли болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыккандыктан эки мамлекетти бири-биринен алыстатуу мүмкүн эмес.
Трамп буга чейин президенттик шайлоодо жеңсе Россия менен Кытайдын ортосунда ажырым жаратууну убадалаган.

"Муну риторика катары караса болот, бирок кандайдыр бир деңгээлде чындыкка жакын. Анткени АКШнын Украинадагы жана Европадагы саясаты Россия менен Кытайды жакындаткан. Эки өлкө азырынча аскерий союздаш эмес, бирок алардын өнөктөштүгүнүн деңгээли болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Эми АКШ Кытайды да, Россияны да ооздуктаганга эки эсе аракет кылышы керек", — деген эксперт.

Тимофеев белгилегендей, мурда АКШ Россияны ооздуктоого аз каражат коротсо, азыр анын көлөмү кыйла көбөйгөн. Ал эми Кытайдын өнүгүүсү уланууда. Москва болсо Түндүк Корея менен дагы жакындашканын белгиледи эксперт.
"Бирок анын (Трамп - ред.) планы ишке ашпайт. Трамп мурда президент болгонунда бир нерсе кылса болмок, азыр кеч болуп калды", — деген серепчи.
Россиянын президенти Владимир Путин БРИКС саммитинин алкагында Казанда Си Цзиньпин менен жолугушуусу учурунда эки өлкөнүн алакасы башкаларга үлгү экенин айтып, алардын кызматташтыгы тең укуктуу мүнөздө экенин белгилеген.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Бул жарышта Демократиялык партиядан вице-президент Камала Харрис, ал эми Республикалык партиядан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышууда.
Мезенцев Минск конференциясын БРИКС диалогунун уландысы катары сыпаттады