Өлкөбүздүн бардык аймактарында желимден кагазга өтүү планы коюлган. Ошондуктан кагаз баштыктар менен таңгактарды чыгарууга олуттуу маани берилүүдө. Мындан улам мамлекет экологиялык таза продукцияларды өндүргөн ишканаларга артыкчылык берип, кагаз баштык чыгарган компанияларды колдомокчу. Айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирген желим буюмдардан экологиялык таза кагаз буюмдарына этап-этабы менен өтүүнү жүзөгө ашырыларын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кайра иштетүү жана органиялык айыл чабасы департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев маалымдады.