Өлкөгө космктологиялык жана дары-дармек каражаттары коопсуздугун тастыктоочу документ менен гана импорттолууга тийиштүү. Ошол эле учурда ЕАЭБдин техрегламентин сактоо керек. Анын негизинде тершерүүлөр жүргүзүлөт. Бирок бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык мароторий киргизилгендиктен пландуу тершерүүлөр болбойт. Эгерде элден арыз түшсө, Экономика жана коммерция министрлигине жолдомо аркылуу макулдук болгондо гана текшерилет. Ал эми импорттолуп же өлкөдө өндүрүлгөн дары каражаттардын бардыгы мамлеттик каттодон өтүшү абзел.
Андан кийин гана сатылууга укуктуу. 2026-жылдан тартып ЕАЭБдин эрежелери менен гана каттала тургандыгын адистер Sputnik Кыргызстан радиосунун уктуруусунда маалымат беришти.