Милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күн сайын өмүрүн тобокелге салып келишет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктап жатып билдирди. Анын айтымында, тартип сакчылар 1924-жылы кыргыз милициясы түзүлгөндөн тарта коомдук тартипти камсыздап келе жатышат. Президент соңку кылымда элдин башынан өткөн бардык окуяларда милиция кызматкерлери өз вазийпасын аткарганын белгиледи. "Соңку 30 жылда эле өлкө башынан өткөргөн революциялардын маалындагы тартипти сактоодо кыргыз милициясы кандай чоң роль ойногонун өзүңүздөр билесиздер. Эгерде бул окуялардын жүрүшүндө тартипти сактоодо алдыңкы сапта милиция кызматы турбаганда кырдаал дагы кандай өңүттө өнүгүп кетет эле, ким билет", — деди өлкө башчы. Ошондой эле мамлекет башчы акыркы төрт жылда милиция кызматкерлерине мыкты шарттар түзүлүп, материалдык-техникалык базасы чыңдалгандыктан кылмыштын катталуусу дээрлик 50 пайызга төмөндөп, коомдук жайларда одоно тартип жана мыйзам бузуулар жөнгө салынып келе жатканын айтты.Соңунда президент ар бир милиция кызматкеринин жүрөгүндө Манас атанын кайрат-күчү, деми, айкөлдүгү, ар-намысы жаңырып турушун тиледи.
Кыргызстандарттын сертификаттары ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө таанылган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Болотбек Нурматов билдирди.Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн "Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн продукциянын сапатын кантип жакшыртат" аттуу брифингге катышты.Борбордун директору сапаттуу инфраструктура системасы ЕАЭБ талаптарына толук жооп берерин кошумчалады. Бул экономикага оң таасирин тийгизет. Адис продукциялар сертификация процедурасынан өткөндөн кийин эркин жүрө аларын кошумчалады.
Бишкекте 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити өтөт. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.Ага Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катышат."Президенттер ТМУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Ошондой эле уюмдун учурдагы актуалдуу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алышат. Бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде саммиттин жыйынтыктоочу декларациясына кол коюшат", — деди Азымбакиев.2025-жылы уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөрү кошумчаланды.Буга чейин Кыргызстанга 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик сапар менен, ал эми Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапар менен келери айтылган.
БРИКСтин Казандагы саммити Россияны жеңем дегендик акылсыздык экенин көрсөттү. Бул тууралуу Сербиянын вице-премьер-министри Александр Вулин билдиргенин РИА Новости жазды.Серб өкмөтүнүн башчысынын орун басары Евразия коопсуздугу боюнча Минск конференциясына катышууда. "БРИКС саммити Россияны обочолонтуу, Кытайдан коркуу саясатын жайылтуу, Сербияны альянстарды өзү тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу акылсыздык экенин көрсөттү. Мындан тышкары, азыркы заманда тынчтыкты эмес, Россияны жеңүүнү каалоо да келесоолук, жоопкерчиликсиздик жана өтө кооптуу", — деди Вулин.