Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл – сүрөтчүлөрдү сүрөгөн көргөзмө-сынак

Sputnik
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата сүрөтчүлөр арасында көргөзмө-сынак жарыяланды. Анын жобосунда бул иш-чара көркөм өнөр чөйрөсүндө иштеген сүрөтчүлөрдү колдоо, кыргыз элинин маданий мурастарын жана каада-салттарын кеңири жайылтууну көздөрү айтылган. Бул Сүрөтчүлөр союзу жана Маданият министрлиги тарабынан уюштурулуп жатат.
“Күн башат” программасынын алкагында дал ушул сынак жана түптөлгөнүнө 90 жыл толгон Сүрөтчүлөр союзунун ишмердүүлүгү тууралуу маек курдук. Биздин сурооолорубузга сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү, маданияттын эмгек сиңирген ишмери Эркин Болжуров жооп берди.