1924-жылы ал кездеги "Эркин-Тоо", азыркы "Кыргыз Туусу" гезити жарык көрсө, "Журналисттер союзу" коомдук бирикмеси 1958-жылы түзүлгөн. Союз улуттук басылманын 100 жылдыгынын алкагында республикалык деңгээлдеги "Кыргыз журналистикасы кылым кыйырында: кечээ жана бүгүн" аталышындагы республикалык конференция өткөрөт. Конференция 1-ноябрда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов атындагы залында болот. Бул тууралуу Илязбек Балташев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, конференцияга жалпы аймактардан журналисттер катышат.
"Журналисттер союзу" коомдук бирикмесине төрагалыкка келгенден бери алгачкы айларында уюмду коомго таанытуу, анын социалдык тармактагы брендделген баракчаларын ачып, сайтын ишке киргизүү аракеттерин көрүүдөбүз. Алдыда республикалык конференция өткөрүү планыбыз бар. Журналисттер союзунун негизги максаты — кесиптештердин башын бириктирген бир аянтча болуп берүү. Анткени эгемендүүлүк алгандан бери эле мындай кесиптик бирликтерден үчөө катталыптыр. Мен алардын биринин төрагасы менен жолугуп, биргеликте иштешүү боюнча сүйлөштүк. Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген, боло берет. Бул сыяктуу уюмдардын жанданышы сөз эркиндигин ооздуктоо максатын көздөбөйт. Тескерисинче, журналисттердин кесиптик билимин жогорулатып, ар түрдүү маселелерде көмөк көрсөткөнгө аракеттенген жер болушу шарт. Алдыда журналисттердин башын бириктирип, кеңеше турган борбор түзүүгө, ал үчүн атайын бир имараттуу болууга далалаттанып жатабыз", — деди Балташев.
Ал журналисттер сөз эркиндиги менен кесиптик жоопкерчилигин да биле жүрүүсү зарыл экенин кошумчалады.