БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев II даражадагы “Достык” ордени менен сыйланды.
Ага эки өлкөнүн ортосундагы мамилени чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн сыйлыкты Казакстандын парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов тапшырды. Ал Бишкекке расмий иш сапары менен келген.
Спикерди сыйлоо тууралуу жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон.
Шакиев Жогорку Кеңеш мындан ары да калыптанган байланыштарды өнүктүрүүгө жана бир тууган элдердин достугун чыңдоого күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.
Ал эми Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев Казакстандын президентинин Ардак грамотасы менен сыйланды.