БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. БРИКСтин Казандагы саммити Россияны жеңем дегендик акылсыздык экенин көрсөттү. Бул тууралуу Сербиянын вице-премьер-министри Александр Вулин билдиргенин РИА Новости жазды.
Серб өкмөтүнүн башчысынын орун басары Евразия коопсуздугу боюнча Минск конференциясына катышууда.
"БРИКС саммити Россияны обочолонтуу, Кытайдан коркуу саясатын жайылтуу, Сербияны альянстарды өзү тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу акылсыздык экенин көрсөттү. Мындан тышкары, азыркы заманда тынчтыкты эмес, Россияны жеңүүнү каалоо да келесоолук, жоопкерчиликсиздик жана өтө кооптуу", — деди Вулин.