Кыргызстанга Казакстан Мажилисинин төрагасы расмий сапар менен келди

Казакстан Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Казакстан Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Конокту "Манас" эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана Казакстан менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов тосуп алды.
Иш сапардын алкагында бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, эки өлкөнүн парламент төрагалары тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мындан тышкары, тараптар парламенттер аралык кызматташтык боюнча кеңештин отурумуна катышат.
Депутат Миргүл Темирбаева. Архив
Парламентте Исхак Раззаков атындагы орден негиздөө сунушталды