БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. АКШнын коргоо министри Ллойд Остин эгер атайын операция жүрүп жаткан аймакка Түндүк Кореянын аскер күчү жайгашса, Украина тарапка үчүнчү өлкөлөр тартылышы мүмкүн экенин четке каккан жок. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
Остин бул тема боюнча анык бир билдирүүлөрдү жасоодон тартынарын, анткен менен АКШ жалпы Батыштын аракетине карабай Түндүк Кореянын аскерлерине атайын операция аймагында жайгашууга тоскоол боло албай турганын билдирген.
Буга чейин НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Түштүк Кореянын делегациясы дүйшөмбү күнү альянска Түндүк Корея аскерлеринин Россияга, анын ичинде Курск облусуна жөнөтүлгөнү тууралуу "айныгыс далилдерди" келтиргенин жар салып, бирок аларды ачыктаган эмес.
Эскерте кетсек, РФ президенти Владимир Путин "Россия 1" телеканалына маек куруп жатып өз ара жардам көрсөтүү Россия менен Түндүк Кореянын ички иши экенин, келишимге ылайык колдоо окуу-машыгуулар менен чектелерин же иш жүзүндө пайдаланыларын эки өлкө гана чече турганын билдирген.
Россия менен Корея Элдик Демократиялык Республикасынын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим Владимир Путиндин июнь айындагы Пхеньянга болгон сапарында түзүлгөн. Ага ылайык, эгер эки мамлекеттин бири кайсы бир өлкөнүн же бир нече мамлекеттин куралдуу кол салуусуна кабылып согушка кириптер болсо, анда экинчи тарап колунда бар каражаттын бардык түрү менен токтоосуз аскердик же башка жардам көрсөтө алат.