БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев россиялык кесиптеши Игорь Краснов жана Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин менен жолугушту. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүүлөр Асаналиевдин Москвага болгон жумушчу сапарынын алкагында өттү.
Краснов менен жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жана укуктук тармакта тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, көзөмөл органдарынын жетекчилери эки өлкөнүн прокуратура органдарынын 2024-2025-жылдарга карата өз ара кызматташуу планын ийгиликтүү ишке ашырууну белгилешти.
Ошондой эле КМШнын башкы прокурорлорунун Координациялык кеңеши жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун жыйындары сыяктуу эл аралык уюмдардагы кызматташуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, Кыргызстанда боло турган иш-чара талкууланды, анда россиялык прокурорлор ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшө алышат. Жолугушуунун жыйынтыгында аскер прокуратураларынын ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Бастрыкин менен жолугушууда чек арадагы кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Россиянын Тергөө комитетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу болду. Бул тажрыйба алмашуу жана укуктук практиканы өркүндөтүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер үчүн жаңы аянтчаны түзөт.