Лукашенко: дүйнөдө коопсуздукту кепилдей турган бир да инструмент калган жок

Өлкө жетекчиси жалпысынан бул чөйрөдө эки келишим калганын, экөө тең иштебей турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Дүйнөдө эл аралык коопсуздукту кепилдей турган мыйзамдуу инструмент дээрлик калган жок, бул жаатта жаңы макулдашууларды түзүү боюнча да иштер жүрбөй калды. Мындай билдирүүсүн Беларусь президенти Александр Лукашенко Минскиде евразиялык коопсуздук боюнча өтүп жаткан II эл аралык конференцияда жасаганын РИА Новости жазды.
"Бүгүнкү күндө аскерий коопсуздук багытында кепилдик бере турган мыйзамдуу эл аралык-укуктук инструменттер дээрлик калбай калганына күбө болуп турабыз. Аталган тармакта жаңы макулдашууларды түзүү боюнча иштер да жүрбөй калды. Демек, анын кимдир бирөөлөргө кереги жок. Бул аскер адамдарынын эмес, биринчи кезекте саясатчылардын абийиринде", — деди өлкө жетекчиси.
Лукашенко жалпысынан алганда бул чөйрөдө Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишим жана Стратегиялык чабуул коюучу курал жөнүндөгү келишим эле калганын белгилеген.
"Алар да иштебейт. Биринчиси дегеле аткарылган жок, экинчиси "чарчап калган", — деди президент.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Небензя: Батыш Сеулду Киевге курал ташыттырууга аракет кылып жатат