Ташиев Ош — Ноокат автожолунун жаңыланып кеңейген бөлүгүн ачты. Сүрөт

Ноокат шаарын аралап өткөн жолдун 34-40-чакырымы төрт тилкелүү болуп салынып, ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуар куруу иштери аяктады.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Ош — Ноокат автожолунун жаңыланган жана кеңейген бөлүгү ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
1 / 4

Камчыбек Ташиев Ош — Ноокат автожолунун жаңыланып кеңейген бөлүгүн ачты

2 / 4

2025-жылы Ош — Баткен — Раззаков автожолунун калган бөлүгүн асфальттоо пландалып жатат

3 / 4

Ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуар куруу иштери аяктады.

4 / 4

Жолдун 34-40-чакырымы төрт тилкелүү болуп салынды

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев катышкан.
Ош облусунун жетекчиси 2025-жылы Ош — Баткен — Раззаков автожолунун калган бөлүгүн асфальттоо пландалып жатканын белгиледи.
Ноокат шаарын аралап өткөн жолдун 34-40-чакырымы төрт тилкелүү болуп салынып, ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуар куруу иштери аяктады. Аны менен катар Абшыр-Сай жана Чили-Сай көпүрөлөрү толугу менен жаңыдан курулду.
Ал эми Кыркол-Сай көпүрөсүн куруу иштери 80 пайыз аяктап калганы кошумчаланды.
Жапаров: Кыргызстанда алгачкы жолу ири жолдорду ата мекендик компаниялар курууда