Парламентте Исхак Раззаков атындагы орден негиздөө сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын баатыры Исхак Раззаков атындагы орден негиздөө сунушталды.
Мындай демилгени депутат Миргүл Темирбаева Жогорку Кеңеште көтөрдү. Ал мамлекеттик жана саясий ишмердин эмгектерин тизмектеп, алар согуштан кийинки мезгилде өлкө өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошконун белгиледи.
Темирбаева бул орден мамлекетке ак ниет кызмат кылган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон ишкерлерге ыйгарыларын белгиледи.
Исхак Раззаков — мамлекеттик жана саясий ишмер. Ал 1950-1961-жылдары Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Раззаковго Кыргыз Республикасынын баатыры наамы ыйгарылып, ысымы мурдагы Исфана шаарына берилген.
Садыр Жапаров Исхак Раззаковдун кызына паспорт берип, батир белек кылды. Сүрөт