Бишкектин "Ала-Тоо" аянты жана анын айланасы унаалар үчүн жабык

Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Борбор калаада Чүй проспектинин Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык.
Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынан бул көчөнү кесип өткөн көчөлөрдө да Фрунзеден Киев көчөсүнө чейин унаалар үчүн чектөө бар экенин белгилешти.
1 / 4

Бишкектин "Ала-Тоо" аянты жана анын айланасы унаалар үчүн жабык

2 / 4

Мааракеге байланыштуу Абдрахмановдок Тоголко Молдого чейинки бөлүк жабык

3 / 4

Милиция көчөнү кесип өткөн көчөлөрдө да Фрунзеден Киев көчөсүнө чейин унаалар үчүн чектөө бар экенин белгилешти

4 / 4

КР милициясынын 100 жылдыгы 1-ноябрда салтанаттуу белгиленет

Мунун баары борбордук аянтта Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата парадга даярдыкка байланыштуу жасалган.
Иш-чаранын өзү эртең, 1-ноябрда, болмокчу. Жолдор параддан кийин гана ачылат.
Бишкекте советтик милициянын раритет унаалары көргөзмөгө коюлду. Сүрөттөр