БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы №23 мектеп жабыла турганын билдирди.
Маалыматка ылайык, имарат авариялык абалга келген.
"Учурда сейсмикалык институттун корутундусуна байланыштуу тиешелүү адистер мектептин айрым блокторун изилдеп жатат. Эгерде бузуу чечими кабыл алынса, ордуна заманбап талаптарга ылайык жаңы мектеп курулат", — деп айтылат маалыматта.
Окуучулардын үзгүлтүксүз билим алуусун уюштуруу максатында күзгү каникул аяктагандан кийин балдарды башка мектептерге бөлүштүрүү иштери жүргүзүлөрү кошумчаланды.
Эске салсак, Бишкекте күзгү каникул 4-ноябрда башталып, бир жумага созулат.