БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. "Ала-Тоо" борбордук аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата парад өтөт. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрда парад, кечинде майрамдык концерт болот. Парад УТРКнын телеканалында онлайн режиминде көрсөтүлөт.
Кечки концерттик программада ички иштер органдарынын кызматкери катышкан "Ыр кесе" музыкалык сынагынын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары өнөрүн тартуулашат. Концерт саат 18.00дө башталат.
Ошондой эле Чүй проспектинин Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жана бул көчөнү кесип өткөн көчөлөрдө да Фрунзеден Киев көчөсүнө чейин унаалар үчүн чектөө бар экени эскертилди.