БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Сокулук багытында жайгашкан автобекетте минималдуу да шарттар жок экенине нааразы болду.
Анын айтымында, бул жерге төрт облустун жарандары келет, бирок эч кандай инфраструктура жок.
"Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облусунун жарандары келет. Бирок бир дагы инфраструктура жок. Ажатканасы, ашканасы, намазканасы жок. Контейнерлерди алып барып, шагыл эле төгүп койгон. Кышында ал жер суук, жайкысын ысык болот. Убактылуу болсо деле тиешелүү шарттарды түзүп коюш керек да. Талаага алып барып, ушул жер автобекет деп таштап салган болбойт", — деди эл өкүлү.
Эске салсак, Батыш автобекетинин иши токтотулуп, каттамдар Алматы, 1/1 дарегиндеги жаңы автобекетке көчүрүлгөн. Бул жерден эл Нарын, Ысык-Көлгө, ал эми батыш багытында (Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас) Фрунзе көчөсү, 209 (унаа базарынан кийин) дарегинен жөнөмөк.