Бишкектин четиндеги Орок айылына аквапаркы бар оюн-зоок жайы салынууда. Сүрөт

Парктын жанында көп кабаттуу турак жай комплекси, мектеп, бала бакчанын курулушу да пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектин жанындагы Орок айылында бир катар объектилердин курулушун көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 4

Акылбек Жапаров Бишкектин жанындагы Орок айылында бир катар объектилердин курулушун көрдү

2 / 4

Аквапаркы бар оюн-зоок жайынын жалпы аянты 10 гектарды түзөт

3 / 4

Парктын жанында МИК тарабынан көп кабаттуу турак жай комплекси курулат

4 / 4

Мындан тышкары, футболдук стадион курулуп жатат

Маалыматка ылайык, аквапаркы бар оюн-зоок жайынын жалпы аянты 10 гектарды түзөт.
Парктын жанында МИК тарабынан көп кабаттуу турак жай комплекси курулуп, жалпы билим берүү мекемеси менен бала бакчанын курулушу да пландалууда. Мындан тышкары, футболдук стадион курулуп жатат.
"Заманбап стадион, жаңы кооз оюн-зоок паркы жана башка инфраструктура борборду кооздоп, шаардын жаңы имиджин түзөт", — деди Жапаров.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүүгени кошумчаланды.
Талаага таштаган болбойт. Депутат жаңы автобекетте шарт жоктугуна нааразы болду