Айыл чарба тармагында авиация колдонула баштаганы айтылды

Ысык-Ата районунда бүгүн жаңы МТСтин ачылышы болуп, заманбап жаңы техникалар көргөзмөгө чыгарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жер семирткичтерди чачуу, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден дарылоо үчүн агродрондор, учуучу жеңил авиацияны колдонуу толук кандуу ишке аша баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, авиация менен күнүнө 500 гектарга чейин иштөөгө мүмкүн болуп, баасы гектарына орточо 500 сомдон болот.
Ысык-Ата районунда бүгүн жаңы МТСтин ачылышы болуп, заманбап жаңы техникалар көргөзмөгө чыгарылган.
"Жер иштетүү кызматтарын көрсөтө турган дрондор, учуучу жеңил авиация айыл чарбасын жаңы деңгээлге көтөрөт. Дрондорду, авиацияны айыл чарбада колдонуу дыйкандардын түйшүгүн жеңилдетип, чыгымын, убактысын үнөмдөйт. Бул жагдай дыйкандарга жер иштетүү процесстерин оптималдаштырууда жана түшүмдүүлүктү жогорулатууда эффективдүү натыйжа берет", — деди иш-чарада суу ресурстары, айыл чарба жана кайра ишитүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев.
Ошондой эле министрлик айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн МТСтердин паркын толуктоо, жаңылоо жана заманбап айыл чарба техникалары менен камсыздоо боюнча бир катар иштерди жүргүзүп жатканы кошумчаланды.
Республика боюнча фермерлерди тейлөө борборлору ачылат