Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Небензя: Батыш Сеулду Киевге курал ташыттырууга аракет кылып жатат

Дипломат Киев режими Батыштагы запасты аягына чейин соруп бүткөнүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Батыштагылар Түштүк Корея жетекчилигин Киевге курал-жарак ташууга мажбурлап жатат, Россия Сеул мындай тузакка илинбейт деп ишенүүдө. Бул тууралуу РФтин БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости жазды.
"Зеленскийдин режимин колдогондор эки жылдан бери Корея Республикасынын жетекчилигин Киев менен аскерий-техникалык багытта кызматташып, өтө керек болуп турган учуучу техникасын ташыттырууга аракет кылып келишет. Бул жерде Вашингтон, Лондон жана Брюсселдин Пхеньянга каршы ызы-чуусу зарыл болуп турат, анткени Киев режими алардагы запасты аягына чейин соруп бүткөн. Түштүк Кореядагы кесиптештерибиз мындай кылтакка илинбегенге дарамети жетет деп ишенебиз", — деген өкүл БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон Украина жаңжалына үчүнчү өлкөлөр тартылышы мүмкүн экенин айтты