Өлкөдө «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» аталышындагы иш-чара өтүп жатат. 28-октябрда башталган бул демилге 1-ноябрга чейин уланат. Иш-чаранын башкы максаты калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча топтоо маданиятын калыптандыруу жана акча ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүү.
Бул каржылык сабаттуулук жумасына байланыштуу өткөрүлүп жаткан иштер жана калктын финансылык сабаттуулугу тууралуу суроолорго Улуттук банктын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн, финансылык сабаттуулук тобунун жетекчиси Кубаныч Мусуралиев жооп берди.