Президент Садыр Жапаров дагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул жолу мындай макам Баткен мамлекеттик университети, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети жана Талас мамлекеттик университетине берилди. Мунун башкы максаты окуу жайларды күчтөндүрүп, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Эмнеге бул окуу жайлар тандалып алынды? Өзгөчө макам кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?
Ушул жана башка суроолорубузга Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алисултан Ташиев жана Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу иштери боюнча проректору Кеңешбек Ырысов жооп берди.