1-ноябрга карата аба ырайы

1-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жума күнү республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Баткенде +12…+17, Талас аймагында +11…+16, Ош, Жалал-Абад облустарында +13…+18 , Ысык-Көл өрөөнүндө +7...+12, Нарын жергесинде +6…+11 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +14…+16, Ош шаарында +15…+17 градуска көтөрүлөт.
Бишкектин "Ала-Тоо" аянты жана анын айланасы унаалар үчүн жабык