Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Украина Россия менен бир маселе боюнча сүйлөшүүгө даяр

Лавров абалды жөнгө салуу боюнча олуттуу сунуш түшпөгөнүн, бирок бул боюнча маалыматтар Батыш ЖМКларында арбын жарыяланып жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Украина Катардын ортомчулугунун негизинде Россия менен эки өлкөнүн энергетикалык инфраструктураларына сокку уруудан баш тартуу боюнча сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу Financial Times гезитине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Сүйлөшүүлөр баштапкы стадияда. Азыр энергетикалык объектилер талкууланып жатат", — деп гезит украиналык дипломаттын сөзүн келтирген.
Анткен менен украиналык дагы бир аткаминер Москвага сес көрсөтүп туруу үчүн Киев Россиянын нефтини кайра иштеткен заводдорун баш кылып бир катар объектилерине сокку уруусун улантарын билдирди.
Өткөн жумада Владимир Зеленский Financial Times гезитине маек куруп, энергетикалык инфраструктуранын объектилерине өз ара сокку уруудан баш тартуу украин жаңжалынын курч фазасын жыйынтыктоого өбөлгө болорун айткан.
Ал эми РФ ТИМинин тышкы иштер министри Сергей Лавров абалды жөнгө салуу боюнча олуттуу сунуш түшпөгөнүн, бирок бул боюнча маалыматтар Батыш ЖМКларында арбын жарыяланып жатканын билдирген эле.
Россия армиясы 2022-жылдын октябрынан бери Украинанын энергетика, коргонуу өнөр жайы, аскер башкармалыгынын объектилерине сокку урууда, кыйроо абдан көп. Ошондой эле подстанцияларга катуу күч келип жатканы белгиленген.
Ал эми Зеленский сентябрдын соңунда Украинанын жылуулук электр станциялары жана гидроэнергетикалык объектилери дээрлик жок кылынганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Европанын Украинадан улам катуу кооптонгон жагдайы айтылды