БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Россия чет өлкөлөрдөгү мекендештерге жардам көрсөтүүгө багытталган иш аракеттерди көбөйтүп жатат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын кебин Чет өлкөдө жашаган мекендештердин дүйнөлүк VIII конгрессинде Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров окуп берген.
"Россия чет өлкөдөгү мекендештерге жардам көрсөтүүгө багытталган аракеттерин көбөйтүп жатат. Соңку убакта Россиянын жарандыгын калыбына келтирүү жана алуу мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейди. Мекендештерди ыктыярдуу көчүрүү боюнча мамлекеттик программанын механизмдери тынымсыз өркүндөтүлүп жатат. Анын арты менен Россияга 1 миллион 200 миңден ашык адам кирген", — деди президент.
Ал ошондой эле кастарын тиккен өлкөлөрдө жашаган делегаттардын дал ушул иш-чарага катышуу үчүн Москвага келгени эрдик экенин белгиледи.
"Мен эң оор шарттарда да орус маданиятынын жана орус тилинин эл аралык позициясын жигердүү коргоп жаткандарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет", — деди Путин.