Бишкек милициясы өгөй кызын уурдап кетип өлтүргөн деген кишини кармады

Кармоо учурунда ал өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы 17 жаштагы өгөй кызын өлтүрдү деп шектелген адамды кармаганын ШИИББдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бүгүн Биринчи май райондук милициясына 43 жаштагы М.Б. аттуу аял кайрылган. Ал 52 жаштагы күйөөсү кызын BMW X5 үлгүсүндөгү унаасы менен уурдап кеткенин айткан.
Милиция кызматкерлери анын Ысык-Көл облусунда жүргөнүн аныктаган. Тартип сакчылар шектүүнү башка унаа менен жүргөн жеринен кармады. Кармоо учурунда ал өз жанын кыюуга аракет кылганы белгиленди. Ал эми кыздын сөөгү Чүйдөн табылган.
Кылмыш иши "Адам уурдоо" жана "Киши өлтүрүү" беренелери боюнча козголду.
ИИМ: кыз зордуктап качып кеткен УКТ мүчөсү Египеттен кармалды