Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө 9 дрон тартылды

Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөөгө 104 адам, тогуз учкучсуз учуучу аппарат тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, издөөгө чыккандар 20 топко бөлүнүп иш алып барышат.
1 / 4

Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөөгө 104 адам, тогуз учкучсуз учуучу аппарат тартылды

2 / 4

Маалым болгондой, издөөгө чыккандар 20 топко бөлүнүп иш алып барышат

3 / 4

Эске салсак, Жумгал районунун Өрнөк айылынан ата-бала 16-октябрда жайлоого кеткен боюнча дайынсыз болууда

4 / 4

Аларды издөөгө тиешелүү жабдыктар колдонулбай, иштер чабал болуп жатканын жакындары айтып чыккандан кийин президент Садыр Жапаров издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган

Эске салсак, Жумгал районунун Өрнөк айылынан ата-бала 16-октябрда жайлоого кеткен боюнча дайынсыз болууда. Аларды издөөгө тиешелүү жабдыктар колдонулбай, иштер чабал болуп жатканын жакындары айтып чыккандан кийин президент Садыр Жапаров издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган.
Жумгалда жүрөк үшүн алган жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды. Видео