БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Жайыл районундагы Аялдардын психоневрологиялык социалдык стационарынын кызматкерлери бейтаптарга ырайымсыз, адамгерчиликсиз мамиле кылган. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган борбордун кызматкерлери өткөн жумада Жайылдагы мекемеге барган. Алардын айтымында, №1 корпуста 72 адам көзөмөлдө болсо, аларга 64 эле керебет даярдалган. Эки аял жерде жатууга аргасыз, дагы алтоо эмереги, шарты жок, бош бөлмөгө киргизилген. Ал тургай ажаткана жок, анын ордуна чакалар коюлган. Стационардын кызматкерлери бул бөлмө психикалык жактан артта калгандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн "изолятор" катары колдонуларын билдирген.
"Күндүн суугуна карабай аялдар кийими жок жатышкан. Бул алардын абалын ого бетер начарлаткан", — деп айтылат маалыматта.
Кыйноолорду алдын алуу борбору мекеме кызматкерлеринин бейтаптарга мамилесин ырайымсыз, адамгерчиликсиз деп баалады. Документтер тиешелүү чара көрүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.