БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы жаңы рекорддук көрсөткүчкө жетип, бир граммдык куйманын баасы 9 миң сомдон ашты.
30-октябрга карата баа:
100 граммдык куймалар — 790 792,5 сом;
унция (31,1 грамм) — 243 900,5 сом;
10 грамм — 78 455,5 сом;
беш грамм — 40 159 сом;
эки грамм — 16 838,5 сом;
бир граммы — 9069,5 сом.
Салыштыруу үчүн: 2015-жылы алтын куймалар сатыла баштаганда 100 граммдыктар 220-230 миң сомго жеткен (азыр унциянын баасы мындан кымбат). Октябрдын башында бир граммдык куймалар 8,5 миң сомдон жогору болуп, бир грамм бир айда 500 сомго жакын кымбаттаган.
Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө алтындын баасы кымбаттап, бир унция 2 769 долларга жетти.